www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна Жуманалы Накетаев аким болуп дайындалганына бир ай толбой жатып, кайра эле эски жолоюна түштү. Минтип айтканымдын себеби, Сизге кечээ (17.06.2020) Ж. Накетаев өзүнө биринчи орун басарлыка дайындоого Э. Ш. Аликеевге сунуш берди (тиркелди).

Ошол сунушта Э. Ш. Аликеев 2013-жылы Терек-Сай шаарчалык өкмөтүнүн жооптуу катчысы, ал эми 2014-жылдын 15-майынан тартып, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын сектор башчысы болуп эмгектенип кележатканы тастыкталган. Бирок бизге жеткен маалыматтар боюнча, райондун акими Канжарбек Эшалиевдин № 130-буйругу менен 2013-жылы 11-октябрда Э. Ш. Аликеев убактылуу сектор башчылык кызматка бекилип, арадан 6 ай өткөн соң Чаткал райондук прокуратурасынын № 11/1-265-14 Каршылык билдирүүсүнө (тиркелди) ылайык, жогорудагы буйрук акимдин орун басары Ж. Накетаевдин колу менен (тиркелди № 60/1. 05.06.2014.) жокко чыгарылган.

Мыйзам бузуучулук ушуну менен токтоп калбай, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын аттестациялык-конкурстук комиссиясынын 2014-жылдын 15-майындагы жыйынынын № 1-протоколу жасалма токулуп, Э. Ш. Аликеев кайра эле сектор башчылык кызматка ошол учурдагы аким К.Эшалиевдин №51-буйругу (тиркелди 15.05.2014.) менен барып конот.

Баса, аттестациялык-конкурстук комиссиянын төрагасынын колу негедир № 1-протоколдо жок. Көрсө, ал ошол учурда эмгек өргүүдө болуп, калган мүчөлөрү эч кандай жыйын өтпөгөндүгү боюнча кийин түшүнүк кат жазышкан.

Чаткалдагы мындай окуядан кабары бар КР өкмөтүнүн облустагы өкүлү неге үн катпайт? Же 6 жылдан бери мыйзамсыз иштеген Э. Аликеевден башка Чаткалда кадр жокпу?..

Дегинкиси, мамлекеттик кызматтын кадырын ушинтип кадр тандоо түшүрүп жаткандыгы анык.

Шамшарбек Пардабай Чаткал району

РЕДАКЦИЯДАН:

Урматтуу Премьер-министр! Чаткалдын акими Жуманалы Накетаев билип туруп Сизди мыйзамсыздыкка түрткөнү жатат! Эмнеге?- дээрсиз.

...Ж. Накетаев аким болуп дайындалганына бир ай болду. Ага чейин акимдин 1-орун басары болуп турган. Айтайын дегенибиз, ал асмандан түшкөн жок! Чаткалдагы, асыресе акимчиликтеги "оюндун" баарын билет. Азыр өзүнө биринчи орун басарлыкка сунуштап жаткан Э. Аликеев 2013-жылы администрациянын сектор бошчылыгына убактылуу дайындалган № 130-буйрукту прокуратуранын каршылык билдирүүсүнүн негизинде жокко чыгарган 05.6.2014-жылдагы № 51-буйрукта жана ал тууралуу прокуратурага берилген билдирүүдө ушул эле Ж. Накетаевдин колу коюлуп турат.

Экинчиден, Э. Ш. Аликеев - сектор башчынын милдетин аткаруучу кызматында 7 ай мыйзамсыз иштеп, андан кийин Чаткал ройондук мамлекеттик администрациясынын аттестациялык-конкурстук комиссиясынын 2014-жылдын 15-майдагы жасалма протоколунун негизинде сектор башчылыкка дайындалганын Ж. Нокетаев билбей колуусу эч мүмкан эмес...

Кыскасы, Аликеев Эрмек 2013-жылдын 11-октябрынан бери бул кызматты мыйзамсыз аркалап, змгек акы алып иштеп келе жатат. Анын алгач милдетин аткаруучу болуп дайындалган буйругун прокурор жокко чыгарган. Ал эми сектор башчылыкка дайындаган 15.05.2014-жылдагы № 51-буйруктун негиздемесиндеги протокол жасалма экендигин ошол № 1-протоколго колдору коюлуп турган 5 адам, анын ичинде комиссиянын төрагасы, мамадминистрациянын аппарат жетекчиси (багүнкү күнгө чейин) К. Керимбеков до далилдеп бере алат.

Урматтуу Премьер-министр

Кубатбвк Айылчиевич!

Урматтуу Башкы прокурор Өткүрбек Асилбекович!

Бир өрөөндүн эли бүт билип турган, бирок кандайдыр бир белгисиз себептер менен четтетилбей келген кызматтык мыйзамсыздыкты кеч болсо да ордуна коюп, Э. Аликеев 7 жылдан бери мамлекеттик бюджеттен (элдин эсебинен) мыйзамсыз алып келген акча каражаттарын кайра кассага төктүрүп, мындай мыйзамсыздыкка жол берген тиешелүү жетекчилерге чара колдонулбаса эртең башкаларга акыл айтып, мыйзамдуулукту талап кылуу бекер го...

Жазасыз калуу - эртеңки дагы бир мыйзамсыздыктарга өбөлгө түзөт! Э. Аликеевди жасалма, жалган документтер менен мамлекеттик кызматка мыйзамсыз кабыл алып келген Чаткалдын баштагы акими Канжарбек Эшалиев менен мыйзамсыздыкты "көрбөй" келген прокурору Мухтарбек Айдарбеков да тиешелүү "устукандарын" алышы зарыл. Негизи, ар бир мыйзамсыздык, адилетсиздик үчүн "кун төлөөнү" ар бир чиновникке үйрөтүп, эсинен чыкпай турган абалга жеткириш керек!..

Редакция жогоруда келтирилген фактылар боюнча Өкмөт башчы менен Баш прокурордон жооп күтөт!

Булак: Жаңы Ордо

Последние новости