www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өңгөчү үзүлгөнчө Бишкекти коронавируска каршы жабабыз деп кыйкырып жаткан «Кыргызстан» партиясынан Балбак Түлөбаевдин себеби бар экен. Себеби, карантин болсо, атка минерлерге гумжардам келип турат да. Балким, ошондонбу  Бишкектин мэри Азиз Суракматовдун кепкасы 330 доллар же 24789 сом 60 тыйын, батиңкеси 710 доллар же 83335 сом 20 тыйын, кийгендери 2000 доллар же 150 240 сом, көз айнеги 550 доллар же 40 260 сом. Мына эл унга жетпей жүрсө, Бишкек мэри 150 миң сомдук  кийим кийип шапар тээп жүрөт.

Карантиндин пайдасын айыл өкмөттөрү да табышты. Алсак Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт мырза кол алдындагыларга айлык деп 113 528 сомдон бөлүп, коронавируска гуманитардык жардамга келген 4 000 000 сомду сугунуп койгон. Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Воронцовка, Бир-Булак, Таш-Дөбө, Чоң-Таш, Заречный жана башка айылдардын жети миңге чукул адамы карантин учурунда «жел соруп» күн көрүштү. Ал эми Бир-Булактык Бакыт мырза демөөрчүлөр карантинге карата берген азык-түлүктөн берилген гуманитардык жардамдарды жакындарына, тааныштарын берип 4 000 000 сомдун изин жашырган. Бул тууралуу айыл өкмөтүнүн эли билип калып, коопсуздук кызматкерлерине билдиришкен. Прокуратуранын кызматкерлери өз учурунда бул кылмыш ишин тергеп, 4 миллион сомду ордуна коюуга милдеттендирген. Бул акча каражатын төлөөргө келгенде айыл өкмөтү Бакыт мырза жер жутуп кеткен сыяктуу жок. Эмне карантинге келген миллиондорду ичип-жеп алып качып кетсе боло береби? Карантинде «жел ооп» турган кары-картаңдардын, жетим-жесирдин убалы кимге?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости