www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бороон Бейжинди басып калды

Кошуна Монголиядан жана Ички Монголия автономдук облустунан келген чаң-тополоң бороон-чапкын Кытайдан түндүгүн жана ордо калаасы Бейжинди басып калды. Абадагы чаңдын мүмкүн болчу деңгээли нормадан жогору болуп кеткен. Бийлик элди көчөдө жүрбөөнү, ал эми карылар менен балдар дегеле үйдөн чыкпоону сунуш кылды.

Акыркы жылдары Кытайдагы экологиялык абал начар, өзгөчө кышында өлкөнүн түндүк шаарларында үйлөрдү көмүр менен жылыткандыктан, андан чыккан түтүн атмосфераны булгоодо. Бейжинге түшкөн боз чаңгыл туман өтө уулу, ошондуктан тургундар үйлөрүнөн бир нече күн чыкпоого тийиш болот. 2015-жылы Бейжинде эң жогорку кызыл деңгээл жар салынып, абанын булганышы эң коркунучтуу деп табылган. Акыркы эки жылда мындай көрүнүш бир нече жолу кайталанган.

 

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости