www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Бүгүн 5-май, эгемендүү Кыргызстандын укуктук жолго түшкөн күнү. Тагыраагы мындан 24 жыл мурда дал ушул күнү өлкөбүздүн алгачкы Баш мыйзамы кабыл алынган. Датаны утурлай президент Алмазбек Атамбаев кыргыз коомчулугуна өз куттуктоосун жолдоду.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Бардыгыңыздарды Конституция күнү менен куттуктайм!

Мындан жыйырма төрт жыл мурда, 1993-жылы 5-майда көз карандысыз Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынган. Ал постсоветтик мейкиндикте эң демократиялуу, прогрессивдүү Конституция катары таанылган.

Бирок, андан кийинки 20 жыл ичинде Башмыйзам авторитардык – үй-бүлөлүк режимди чыңдоо максатында бир канча жолу оӊдолуп, натыйжада коом ичинде Конституциянын кадырын кетирген.

2010-жылы Апрель революциясынан кийин Конституцияга мамиле түп-тамырынан өзгөрдү. Андан берки өлкөбүздөгү орошон өзгөрүүлөр, мамлекетибиздин улам бекемделиши жарандардын Башмыйзамга, мыйзамдуулукка ишениминин кайтарып, Конституцияга, өлкө эгемендигине, мамлекетибизге сый-урмат мамилени жаратты.

Бул кыска убакта Кыргызстан өнүгүү жолунда ондогон жылдарга тете белести басып өттү. Бул жетишкендиктерди биз 2016-жылы декабрдагы референдум аркылуу бекемдедик.
Ошентип, мындан ары бизде ким бирөөнүн чексиз бийлигинин орношуна жол жабылды -Кыргызстанда бийлик бутактарынын чыныгы тең салмагы камсыздалды.

Мындан ары тыштан таӊулоолорго жол жабылды – ким менен мамиле күтпөйлү, Кыргызстандын кызыкчылыктары биринчи орунда болот. Азыркы Башмыйзам кыргыз элинин эркин мүнөзүнө, улуттук намысына шайкеш келип, ата-бабалардын көөнөргүс мурасын жандантып жана байытууга, жарандарыбыздын жаратман жана чыгармачыл ишине демөөр болот.

Урматтуу мекендештер!

Майрамыбыз кут болсун!

Баарыңыздарга бакыт-таалай, чың ден соолук жана тынчтык каалайм!
Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин!

Кыргыз  Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев

Последние новости