www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык баскетбол федерациясы (FIBA) мусулман спортчу айымдарга хиджаб кийүүгө уруксат берди.

FIBA конгрессинин чечими 1-октябрда күчүнө кирет.

Спортчу айымдар жүзүн жаппаган жана оюн учурда жолтоо кылбаган баш кийимдерди кийүүсү керек.

Жаңы тартип боюнча командадагы бардык оюнчулар бирдей түстөгү хиджабдарды кийүүлөрү шарт.

2014-жылы сентябрда Катардын баскетбол боюнча курама командасы хиджабсыз ойноо талабы коюлгандыктан, Азия оюндарына катышуудан баш тарткан. Хиджабга тыюу салуу - коопсуздук талаптарына негизделген болчу.

Последние новости