www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия, Орусия жана Иран келишимге кол койду

Казакстандын борбор шаары Астанада өткөрүлгөн Сирия тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн 4-айлампасында, Сирияда коопсуз аймактардын курулуусун көздөгөн келишимге кол коюлду.

Келишимге кепил өлкөлөр Түркия, Орусия жана Иран кол койду.

Президент Режеп Тайип Эрдоган Орусияга сапарынан кийин жарыялаган билдирүүсүндө, Москва башкаруучулугу менен «Сирияда коопсуз аймак» темасында макулдашканын маалымдап, бул ишке ашырылган учурда маселенин 50 пайызынын чечилген болоорун баса белгилеген болчу.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да, Сириянын Идлиб шаарында коопсуз аймактын түзүлүүсү өлкөдөгү кагылышуулардын соңуна чыгарылышынын жолун ачаарын айтты.

Лавров Финляндияда кесиптеши Тимо Сойни менен жолугушуусунан кийин өткөргөн маалымат жыйынында, президент Режеп Тайип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин кечээки жолугушуусунда күн тартипке коюлган Идлиб аймагында «коопсуз аймак» курулуусу темасында маалымат берди.

Лавров: «Коопсуз аймактын курулуусу Сириядагы кагылышуулардын соңуна чыгарылышында маанилүү кадам болот»,-деди.

Сирия режиминин Идлибде коопсуз аймактын түзүлүүсүн кабыл алгандыгын белгилеген Лавров, учурда тараптарлардын темага байланыштуу Астанада сүйлөшүп жаткандарын айтты.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости