www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Математика институту тарабынан КР УИАнын 75-жылдыгына арналган “Бөрүбаев окуулары” II Эл аралык илимий конференциясы өткөрүлөт.

Конференциясынын негизги максаты – дифференциалдык жана интегралдык теңдемелер, функционалдык анализ, топология жана геометрия тармагындагы заманбап проблемаларды изилдөө методдорун жана татаал системаларды оптимизациялоо методун өнүктүрүү. Ошондой эле илимий мекемелер менен Кыргызстандын ЖОЖдору арасындагы илимий байланыштарды кеңейтүү.

Окуунун илимий багыттары:

  • Топология, геометрия и функционалдык анализ
  • Дифференциалдык и интегралдык теңдемелер
  • Татаал системаларды оптимизациялоо методу
  • Математика сабагын окутуунун методикасы

Эл аралык илимий конференцияны КР УИАнын Математика институту, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети жана Кыргыз математика коомчулугу уюштурууда. “Бөрүбаев окуулары” II иш-чарасы жаш окумуштууларга, изденүүчүлөргө, магистранттарга, аспиранттарга жана жогорку курстун студенттерине багытталат. Конференция – кыргыз, орус жана англис тилдеринде өткөрүлөт деп билдирет КР УИАнын Маалыматтык бөлүмү.

Өтүүчү жери – КР УИАнын Жыйындар залы, 2-кабат.

Кененирээк маалыматты www.math.aknet.kg сайтынан алууга болот. Уюштуруучуларга байланышуу: +996 (312) 64-26-73; email: [email protected]   

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости