www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Билим берүү жана илим министри: Кыргызстандын алыскы айылдарынын 10 миңге жакын балдары регондорду өнүктүрүү боюнча иш-чараларынын алкагында бала бакчаларга барууга мүмкүнчүлүк алышат.

Бул тууралуу министрдин Нарын облусунун Кочкор районундагы жумушчу иш сапарынын алкагында айтылды.

“Региондорду өнүктүрүүнүн алкагында Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын “Мектепке чейинки билим берүү” долбоорунун колдоосу менен 120 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылууда. Мындан тышкары, азыркы учурда ар кандай мектепке чейинки программаларга тартылбаган 100 пайызга (%) жакын 6-7-жаштагы балдар “Наристе” балдарды мектепке даярдоо программасы боюнча мектепке даярдык көрүүдө”,- деп министр Гульмира Кудайбердиева белгилеп кетти.

Бул бала бакчалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынынын кызматташтыгы менен ачылууда. Булар эмерек, окуу-усулдук, көрсөтмө куралдар, өнүктүрүү оюнчуктар, оюн аянтчалары менен камсыздалган. Мындан тышкары, санитардык-гигиеналык шарттарды түзүү үчүн өндоп түзөө иштери жүргүзүлгөн.

Ошондой эле, ачылып жаткан 120 бала бакчанын 310 башчылары жана педагогдору окутулду.

Кыска мөөнөттүү бала бакчалардын артыкчылыктары:

- мамлекеттин милдеттерине кирген жаш курактагы, мектепке чейинки балдардын өнүгүүсүнө ылайыктуу шарттарды түзүү;

- азыркы социалдык-экономикалык шарттарда эң эле ыңгайлуу бала бакчалардын формасы, толук күндүк бала бакчаларга караганда аз чыгымдарды талап кылат (жатак орундарга жана тамак-ашка чыгымдар жок). Имараттарды колдонуу эффективдүү жолдору бар - балдарды эки смен менен алуу;

- кыска мөөнөттүү бала бакча айыл аймактарында мезгилдүү иш-чаралар менен алек болгон жарандар үчүн эң эле ыңгайлуу формасы болуп эсептелинет. Айыл аймактарында бала бакчаларда балдарды толук күнгө калтырууга зарылчылыгы жок;

- Региондордо/айылдарда болгон имараттарды колдонууга болот: мектептерди жана айыл өкмөтүнүн балансында болгон башка имараттарды, биринчи иретте болгон имараттын ремонтун өткөрүү, эмерек (шкаф, стол, стул ж.б.), оюнчуктар, окуу куралдар менен камсыздоо, санитардык шарттарды түзүү зарыл.

Азыркы социалдык-экономикалык шарттарда жаны, аз чыгымдарды талап кылган мектепке чейинки билим берүү уюмдарын илгерилетүү зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости