www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Приморьедеги айылдардын биринде байланган чынжырдан бошоп кеткен ит 7 жашар баланы чайнап салды. Бул туурасында РИА Новости аймактык тергөө башкармалыгына таянып кабарлады. 13-июнда Сергеевка деп аталган айылдагы үйлөрдүн биринин короосунан борбор азиялык овчарка тукумундагы ит талап салган баланын денеси табылган. Күбө болгондордун айтымында, коңшу жашаган бала үйдү курчап турган бийиктиги 2 метрлик короого келип, анда жашаган досун сыртка ойноп келүүгө чакырган.

"Берки бала эшиктен башын чыгарып, досун бир аз күтүп туруусун айтып, кайрадан үйүнө кирип кеткен. Коңшу бала аны күтпөй дарбазанын алдынан сойлоп киргенде, аны көздөй жулкунган итти байлаган чынжыр үзүлүп, овчарка баланы басып калган", — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге келген тартип сакчылары итти өлтүргөн.

Булак: "sputnik.kg"  

Последние новости