www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында лотореяларга тыю салган мыйзам кабыл алынды. Ага карабай алар ачык эле ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Мындай пикирин  бүгүн, 15 июнда, депутат Төрөбай Зулпукаров Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

“Мыйзам күчүнө кирди. Бирок көчөгө  чыгып карасаңар, ага карабай лотераялар ачык ишмердүүлүгүн улантып жатат.  Эми бул кылмыш болуп калды. Буга тыю салып иштеш керек да. Эгерде көрбөй жатсаңар мен көрсөтүп берем, кай жерде экенин. Правда менен Кулатованын көчөлөрүнүн кесилишинде кечинде машиналар токтоп турат. Ишкананын жетекчисинде кол тийбестик барбы?”,-деп суроо салды депутат.

Эске салсак, “Лотераялар” боюнча мыйзамга президент Алмазбек Атамбев  2017-жылдын 13 майында кол койгон. Анда лотераялык ишмердүүлүк укуктук жөнгө салуу тартиптери киргизилген. Мыйзам расмий жарыялангандан 30 күндөн кийин күчүнө кирген.

Булак: "5news.kg"

Последние новости