www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашев 14-июнда өз эрки менен иштен кетүү тууралуу арыз жазып, бүгүн аны премьер-министр кабыл алганын "Азаттык" радиосуна билдирди. Ошол эле маалда өзүнө карата козголгон кылмыш иштери далилденбегенин айтууда:

- "Учкун" ачык акционердик коому боюнча менин аракетимде мыйзам бузуу болбогонун далилдедим. 2017-жылдын 12-июнунда вице-премьер болуп иштеп турганда кездеги бланкалар боюнча козголгон кылмыш иши жабылды. Менин мыйзамсыз аракеттерим жоктугуна байланыштуу деп токтотулду. 12-июнда расмий кагазды алдым. Скрябин 45, 45-А маселесине байланыштуу да мыйзам бузуу жоктугун далилдейм. Бирок Мамлекеттик каттоо кызматы төрт айдан бери жетекчиси жок отурат. Бул туура эмес.

Өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн Тайырбек Сарпашев жазган арызынын негизинде Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигинен бошотулганын жарыялады.

Буга чейин Жогорку Кеңеште Тайырбек Сарпашевдин ордуна эки айдан бери башка адамдын дайындалбай келе жатканына нааразылык айтылган.

Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп 2015-жылдын ноябрында дайындалган. 31-мартта Башкы прокуратура ага Кылмыш кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча иш козгогон. Ал 2013-жылы вице-премьер-министр маалында Мамкаттоо кызматындагы тендерде жеңилген компаниядан туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын сатып алууга уруксат берген деп айыпталган.

Февралда Башкы прокуратура Скрябин көчөсүндө 45 жана 45-А дарегинде жайгашкан Максим Бакиевге таандык 1,28 гектар жер тилкесин сатууга тыюу салган чечимди жокко чыгарууга аралашкан деген негизде Сарпашевди ээлеген кызматынан бошотууну сунуштаган. Жең ичинен сатылды деген жер маселеси коомчулукта, парламентте кызуу талкуу жаратып, Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлгөн.

Булак: "azattyk"

Последние новости