www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпон-Ата шаарынын Бостери айылындагы көлдүн жээгинде 18 жаштагы жигит акка моюн сунду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-июль күнү Бостери айылындагы пансионаттардын бирине Бишкек шаарынын 2006-жылы туулган тургуну достору менен эс алууга келип, көлгө чөгүп кеткен.

Анын каза болгонудугу тууралуу маалымат 102 кызматына келип түшкөн.

Ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлери жерине барганда, каза болгон жигиттин жакындары арыз жазуудан баш тартышып, сөөгүн Бишкек шаарына алып кетишкен.

 

Последние новости