www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Октябрь районунда жайгашкан Ботаникалык бакта өрт каптаган жердин жалпы аянты үч гектарга чукулдаганы тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, куураган чөп жана бадалдар күйгөн. Өрттүн чыгышына тамеки тартууда этиятсыздык себеп болгону аныкталды.
1938-жылы түптөлгөн бул бакта бак-дарактардын, бадалдардын, гүлдөрдүн, дары чөптөрдүн 5,5 миңден ашык түрү бар. Буга чейин да ал жерде бир нече жолу өрт чыгып, бир топ гектар жерде чөп күйүп кеткен.
Эске салсак, мурда ботаникалык бак сатылат деп имиштер жүрүп жаткан, ага экс-президент Алмазбек Атамбаев каршы чыгып, аталган бак сатылбай калган. Белгилей кетсек, ботаникалык бакта мурда да өрттөр арты-арты менен кайталанып келген. Кезектеги бул өрт атайын кылынган нерсеби деп шек жаратат. Жаздын алдында мындай көрүнүш болуусу да мүмкүн эмес болчу деп эсептешет эксперттер.
Кандай болгон көндү да мунун артында кимдир бирөө турат. Биз бул боюнча дагы иликтөөлөрдү жүргүзмөкчүбүз...
Булак: NazarNews.kg