www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

7-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Салык кызматтарынын өкүлдөрү катышкан коррупциянын бетин ачкан. Алсак, "2016-2018 жылдары мамлекетке 217 млн. сом зыян келтирген" деген шек менен УКМК кылмыш ишин козгоп, жыйынтыгында Экономика министрлигинин кызматкерлери катышкан, акыркы эки жылда өлкө бюджетине 217 миллион сом зыян келгендигин ачыктаган эле.

Алсак, айрым юридикалык фирмалар Кытайдан импорттолгон товарларга кошумча нарк салыгын ашыкча төлөп алганы тууралуу жалган документтерди жасап, тийиштүү мамлекеттик органдарга берип турушкан. Так ошол документти аталган министрликте олтурган жаш кыз 20 миң сомго документти жасап берген. Ал буйрук биздин “чоң курсактар” тойбостордуку болгон.

Ошентип, УКМКнын кылмыш ишинин жүрүшүндө 7-мартта кылмышка шектелген салык органдарынын жетекчилери менен кызматкерлерин жалпысынан жети киши камакка алынган. Ошол камакка алынгандардын арасында өткөн жылы эле үйлөнгөн, болгону араң 7 миң сомдон айлык алып иштеп жаткан катардагы кызматкерди жана жаш кызды кошуп камап койгон.

Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, 217 миллион сомду жегендер, “бетин табактай” кылып азыр сыртта жүрөт имиш. Чындык кайда жатат...Кудайдын убал –сообунан коркпой, колунда жок үй-бүлөнүн балдарын темир торго тыгып койгону эмнеси...

Мүмкүн бул боюнча президент Сооронбай Жээнбековго жете элек сыягы. Дасыккан мамлекетти жегичтер сыртта кала берип, катардагы жарандар камала берсе, анда жакшылыктан үмүт кылып кереги жок.

Баса бир нече күн мурун, Жогорку Кеңештин V чакырылышын төрагасы Ахматбек Келдибеков жогорку окуя тууралуу маек берген эле...Толугу менен кайрадан окурмандарга сунуштайбыз.

-- 2008-жылы жылдын аягында жаңы салык кодекси кабыл алынып, 2009-жылы 1-январдан баштап аталган кодекс ишке кирген. Ал жерде кайсы учурда ошол экспортко чыккан ишканалардын кошумча нарк салыгын (НДС) кайтарып берүү боюнча жазылып турат. Бул экспортко товар чыгаргандарды стимул жасоо же болбосо ошол экспортту кандайдыр бир андан ары кеңейтип берүү мамлекеттик иш-чара болуп эсептелинет. Экономика министрлигинин алдында өкмөт тарабынан комиссия түзүлгөн. Ал комиссияга АКСтен, финансылык башка министрликтерден мүчө болуп кирет, ага экономика министрлиги төрага болуп эсептелет. Ушул комиссиянын негизинде эмне себептен АКСтен кошкондугун тастыктап, жалган документ болбош үчүн атайын комиссия түзүлөт. Эгерде салык кызматкерлеринен райондун деңгээлинде өткөрө турган болсо ал - 300 миңден ашырбаганга укугу бар. 300 миң (сом) менен бир дагы жолу бир ишканага 2-3 жолу өткөргөндө дагы 1 млн же 2 млн. сом өтөт. Калган ири суммадагы акчанын баары комиссиянын көзөмөлү менен текшерилет. Комиссиянын мүчөлөрүсүз, аталган сумманы өткөрүп жиберүү мүмкүн эмес. Ошол комиссияларсыз 217 млн. сомду эки жылдын ичинде катардагы кызматкерлер үлкөндөрдүн руксааты жок кимдир бирөөгө берип жиберүү эч кимдин колунан келбейт.

Жалпыга маалым болгондой "2016-2018 жылдары мамлекетке 217 млн. сом зыян келтирген" деген шек менен камалгандардын арасында райондун деңгээлинде жана республикалык салык кызматында иштеген катардагы кызматкердин камалганын уктум.

Андыктан тергөөнүн жүрүшүндө комиссияга кирген мүчөлөрдүн баардыгын иликтөөгө алыш керек. Себеби алардын түздөн-түз кийгилишүүсү жок мындай ири суммадагы жүздөгөн, млн.сом суммаларды өткөргөнгө салык кызматкерлеринин эч кандай мүмкүнчүлүгү жана укугу жок. Анан эле катардагы кызматкерлерди кармап алып, аларды камаганы туура эмес деп эсептеймин. Тергөө иштери баарын таразалап тактап аягына чыгарышы керек. Мисалы республикалык салык кызматына райондордон даярдалып түшөт, районго ошол ишканалар даярдап берет, анын баардыгын текшерип ири сумманы комиссия менен сүйлөшүп алмайынча эч кимди өткөргөнгө укугу жок. Себеби, ал комиссия өзүнүн тыянагын чыгарып бергенден кийин гана кат каржы министрлигине жазылат. Андан кийин гана каржы министрлиги бир сыйра карап чыгып, баардыгын тактап бериши керек. Мен ойлоймун бул жерде кичинекей катардагы кызматкерлер менен чектелсе демек бул жерде чоң коррупциялык схеманын түздөн-түз катышкандардын баардыгы же кол тийбестиги бар же болбосо чыныгы күнөөлүүлөрдү чыгаргысы келбегендер”, деген эле Ахматбек Келдибеков.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости