www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сан-Паулу университетинин (Бразилия) окумуштуулары коронавирустун мурдагылардан да тезирээк тараган жаңы түрүн таап алышты. Бул тууралуу Бразилиянын вирусология коомунун вице-президенти Жоао Песоа Араужу Жуниорго шилтеме берип РИА Новости жазды.

«Вирустун P4 деп аталган жаңы вариантынын кайдан жана кандайча келип чыкканы белгисиз. Алгач ал Мокока муниципалитетинен табылып, кийин башка жактарга дагы тездик менен тарап кетти. Бирок анын мурдагыларга салыштырмалуу канчалык кооптуу экени азыр аныктала элек. Бул вирус «бразилиялык» штамм менен бир топко кирет», — деп айтылат кабарда.

Жоао Песоа Араужу Жуниордун айтымында, вирустун P1 түрү жана «британиялык» штаммы бар аймактарда тездикте жайылууда. Андыктан өлкө бийлиги Коронавирустун геномдору тууралуу эркин маалымат алуу эл аралык бирикмесине (GISAID) вирус тууралуу толук маалымат берди. Ал жактан ага P4 деген аталыш ыйгарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости