www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапары абдан маанилүү болду деп эсептейм. Мындай пикирди бүгүн, 26-майда NazarNews маалымат агенттигине легендарлуу парламенттин депутаты, саясатчы Кемел Ашыралиев билдирди.
--“Президент Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш-сапары абдан маанилүү болду деп эсептейм. Негизи кыргыздар орустарга ыкташып калган эл. Канчалаган жылдардан бери Орусия менен бекем ынтымакта келе жатабыз. Кечээ дагы өлкө башчынын сапарында Орусиянын президенти Путин абдан жакшы тосуп алды. Азыркы сапарда абдан көп сөздөр болгон чыгаар. Айрыкча экономикабыз аябай байланган. Ошону менен катар көптөгөн мигранттарыбыз иштеп жүрөт. Алардын тагдыры дагы маанилүү.
Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин дагы Борбор-Азия менен тыгыз болууну көздөп келет. Буга байланыштуу Кыргызстан, Казакстан сыяктуу мамлекеттерге жеңилдиктерди берип, болушунча жардам берип жатат. Түркмөнстан дагы кичине ачылса алар менен дагы алаканы жакшыртууга бел байлап турат.
Акыркы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы окуя боюнча дагы Путин эки жака тарта алган жок. Себеби, эки мамлекетте дагы Орусиянын кызыкчылыгы бар. Садыр Жапаров барганда бул маселеге катуу көңүл бурулду болушу керек”, - дейт саясатчы.
Булак: NazarNews.kg