www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы көрүстөндө маркумдун мүрзөсүн коруу үчүн орнотулган темирлерди уурдоо боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Бул тууралуу Ат-Башыдагы активисттер социалдык баракчасына жазган. 

"Өткөндө Орозо айтта көрүстөнгө чыксам, мүрзөлөрдүн тегерегиндеги чынжырдын баарын чыгарып, талкалап кетиптир. Бул жерди көзөмөлгө алуу керек. Анткени, Ат-Башыда темир ала тургандар көп. Көчөдө арак ичкендер же окууну бүтүп жаткандар өткөрөт. Уурулар кайра калыбына келтирип бериши керек. Заман эмне болуп бара жатат. Таң каласың. Мындайга арбактар деле ыраазы болбойт го", - деп жазышкан. 

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Кубан Чоробеков бул боюнча учурда тиешелүү иштер жүрүп жатканын билдирди.

"Ички иштер кызматкерлери менен бирге иш алып барып жатабыз. Бүгүнкү күндө "Вандализм" беренеси боюнча иш козголгон. Азыр темир уурдагандар кимдер экендиги аныкталып жатат.

Темирге болгон баа өстү. Мындан улам ушул ишке барып жатышат. Темирдин баасы азыр 1 килограммы 15-20 сомго чейин экен. Биз көрүстөнгө барып көргөндө, оор салмактагы темирлерди уурдап кеткендиги аныкталды", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости