www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облустук милициясы Жети-Өгүз районунда үч жаштагы бала токмоктон каза болгонун билдирди. Ал ооруканага эстен танган абалда жеткирилип, чарчап калган. Текшерүү маалында денесинде кан уюган жерлер аныкталган.

Облустук ички иштер башкармалыгын басма сөз кызматы кабарлагандай, окуя 15-майда болгон. Баланы апасы кудачасына калтырып, Орусияга иштегени кеткен.

Наристени сабаган деген шек менен 33 жаштагы келин (кудача) кармалды. Факты Жоруктар кодексинин 65-беренеси (Токмоктоо) менен иликтенүүдө.

Эки айга камакка алынган аял баланын талмасы кармап, тепкичтен кулап кеткенин айткан.

Соттук-медициналык экспертизанын баштапкы маалыматтарга ылайык, наристенин баш сөөгү жабыркаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости