www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков "кадыр-баркты коргоо" арызы менен Аламүдүн райондук сотуна кайрылышты.
Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз катчысы Байыш Байгазинов кабарлады.
"Бул иш жарандык тартипте Аламүдүн райондук сотуна кечээ, 25-майда келип түштү. Азыр каттоого алып, соттук отурумдун күнүн белгилөө процедурасы жүрүп жатат. Ушул жуманын аягында же кийинки жумада сот кайсы күнгө коюлганы, кимдер катышары билинет. Жээнбековдор Мелис Аспековдун айткан маалыматтарына байланыштуу кадыр-баркына доо кеткенин билдиришип, аларды коргоо арызы менен кайрылышты".
Айрым массалык маалымат каражаттары Жээнбековдор 1 миллион сом талап кылып жатканын жазып чыгышты.
Байгазинов арыз жаңы келип, каттоо баскычынан өтүп жаткандыктан доонун суммасы такталып жатканын кабарлады.
Жээнбековдор Мелис Аспековдун Садыр Жапаровго шайлоо өнөктүгү үчүн 10 млн. доллар бергени тууралуу айткан маалыматын төгүндөөнү талап кылышууда.
УКМКнын тергөө абагында отурган активист Мелис Аспеков 14-майда “Фейсбуктагы” баракчасына азыркы президент Садыр Жапаров талапкер учурунда шайлоо компаниясына Жээнбековдордун үй-бүлөсүнөн 10 миллион доллар алганы тууралуу билдирүү жазган. Ал “Шайлоодогу үгүт иштеринде Жапаровдун штабында жүргөндүктөн көп иштерге күбө болдум” деп бир нече факты келтирген.
Ошол эле күнү Жээнбековдун адвокаты Асылбек Кочкоров камакта жаткан активист Мелис Аспековдун билдирүүсүнө жооп кайтарып, экс-президент жалган жалаа жапканы үчүн Аспековду сотко бере турганын айткан.
Президент Садыр Жапаровдун ошол кездеги маалымат катчысы Галина Байтерек Мелис Аспековдун бул билдирүүсүн төгүндөп, мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровдун шайлоо өнөктүгүн каржылабаганын маалымдаган.
Булак: NazarNews.kg