www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз кыздар поэзиясы ааламды аңтарып чыгышкан

ХХ- кылымдын 70-жылдары жалаң кыргыздын таланттуу кыздарынан түзүлгөн поэзиянын мукам үндөрү жаңыра баштайт. Бул таланттардын добушу бир гана Ала-Тоодо эмес Москвада, Киевде, Варшавада, Прагада, Гаванада, Берлинде, Ташкенде, Алматыда, Ташкенде, Тбилициде, Бакуда, Минскиде, Ригада, Ашхабадда, Таллинде, Кишиневдо, Ереванда, Вилньюста, Белградда, Будапештте, Софияда, Дүйшөмбүдө, Улан-Батордо, Бухарестте,  Ханойдо, Пхеньянда жаңырып турган. Кыргыз кыздарынын үнү алысты сермеп, жаңырып турганы сыймык эле.

Эки жүрөк, эки талант куюлушуп кумга сиңген суудай жок болушту

Кыздар поэзиясын бийиктикке көтөрүп чыккандардын бири Шербет Келдибекова 1949-жылы 26-майда туулган. Күздүн акыркы борошону акын Шербет Келдибекованы чын жайына учуруп кетти, көп өтпөй анын артынан эгиз козудай ээрчишип жүргөн Алым Токтомушев кете берди. Алым Токтомушев менен Шербет Келдибекова ыр мухитине чөмүлүшкөн таланттар эле. Талант аларды бекем үй-бүлө катары эмес, чыгармачылык жактан эки жээкке бөлүп салгандай. Дегеним, Алым Токтомушев белдүү публицист,серепчи катары «бийик чокуга» чыккан.Арийне, акын, жазуучуларга астейдил сын көз жүгүртө турган. Акындыкты эмес, журналистиканы тандап кеткен  Алым Токтомушев көзү өткөн соң жаш кездеги ырларын топтоп шакирти Олжобай Шакир «Ачылбаган дүйнө» аттуу ырлар жыйнагын чыгарган. Ошол жыйнагында 1971-жылы 24 жашында «Өлгөндөр» деген ыр жазыптыр:

Өлгөндөр жатышат жыргап гана:

Катышпай көңүл келбей жыйындарга,

Чуркабай, орден, кызмат, атак-даңкка...

Карганып жанын жебей

Тыйынга сары чака...

Бирөөнү сүйөм дебей.

Жатышат  үлпөт куруп бейпил гана,

Тагдырлар алгыла таажыңарды!

 

... Үй курдум мүрзө үстүндө,

Терметкен шамал-тагдыр.

Астымда жер,

Чакчаят күн төбөдө.

Албетте, бул бир гана ыры эмес, мындай ырлар көп учурайт. Алым Токтомушев менен Шербет Келдибекова өлүм жана өмүр темасына көп кайрылышкан. Балким алар бул жалган дүйнөдө канчалык көп жашасак да аздык кыларын сезиштиби? Шербет Келдибекова жазыптыр:

... Биз эми өлбөстүккө өттүк дайым –кыйырсыз кылымдардын өмүрүбүз

Ааламда жылдыз толуп ошол кезде, 

Деңиздер турган эле толкуп –ташып.

Дүйнөдөн өчөөр кезде –

Дүбүртү кылчактатып...

 

... Кеткенбиз кезип бүтүп тиричиликти,

Кейиште узатты эле жер жандары.

Учканбыз учсуз –түпсүз аалам –жайга,

 Угулбай уу –дуу түшкөн армандары.

 

Деңиздей оодарылып ошол кезде,

Деңиздей калган эле биздин өмүр –

Дүйнөгө агып кирип дайра сымал.

 

Жадырап калган эле жаздар, жайлар,

Жаш гүлдөр жаңы бүрдөп ачыла албай.

... Кеткенбиз кыйыры жок жолду баштап,

Кеткенбиз  кыяматтык жардай таштап.

 

Кызарбай өчкөн эле күндүн шары,

Кыямат кеткен эле көңүлүбүз.

... Биз эми өлбөстүккө өттүк дайым –

Кыйырсыз кылымдардын өмүрүбүз.

Баса, Иосиф Сталин өз заманында акын, жазуучуларды социалисттик идеологияны калк катмарына жеткизүүнүн маягы катары баалап, көтөрмөлөп келген. Арийне, социалисттик адабияттын духунан чыкпагандарды гана, ал эми карама-каршы жазгандарды тебелеп-тепсеп жок кылышкан. Сталинден кийинки мамлекет башчылары бул принципти колдоп келишкен. Алым Токтомушев менен Шербет Келдибекова экөө тең социализмдин куралына айланышкан эмес. Ошондуктан, булар түбөлүктүү жашоо, өмүр, өлүм темасына көп кайрылышкан. Шербет Келдибекова жазат:

Улуу өмүр толкуп турду, уланып улам жаңы түйшүк менен

Жылдыздар толуп турду зор ааламда,

Нурлары жерге –сууга сиңип кетип.

Чайпалып ташып турду улуу турмуш,

Толкуну жүрөктөрдү дирилдетип...

 

Бакытты издеп жүрдүк башаламан,

Бакытты издеп жүрдүк бардык жактан.

 

Улуу өмүр толкуп турду, бүтпөс сапар-

Уланып улам жаңы түйшүк менен.

Чындыкты издеп жүрдүк башаламан

Чындыкты издеп жүрдүк бардык жактан.

 

Дүйнөнүн бирдигинен жылдыз көрдүк,

Дүйнөнүн бирдигинен көрдүк мүрзө.

Дүйнөнүн бирдигинен чындык көрдүк:

Дуулады бакыт, сүйүү бардык тилде

Дуулады сан –саат өмүр... доор - дооран

Дуулады акыл –сезим, Адам –заман.

 

Алым Токтомушев менен Шербет Келдибекова эгиз козудай ээрчишип жүрүшүп, эгиз козудай ээрчишип чын дүйнөгө кете беришти. Алым Токтомушев акындык дараметин журналистикага буруп, совет учурунда «Кыргызстан маданияты» гезитинин белдүү калемгери болсо, СССР тарап эгемендүүлүк келер менен башка акын, жазуучуларга окшоп кайсалактап өз кайыгын таба албай калган жок. Анткени, Жазуучулар Союзунун сый-урматына мантыгып калышкандар үчүн Кыргызстандын эгемендүүлүгү мокок бычак менен мууздагандай эле элес калтырды. Алым Токтомушев акындык таланттын журналисттик калемге бурду, балким ага таянып Шербет Келдибекова түбөлүк акын бойдон кала берди:

Канча өмүр күйүп –өчтү

Ак –кара, өмүр –өлүм, чындык –жалган,

Абалтан ажырашпай жашап калган.

Эки кол, эки буттуу, жалгыз баштуу –

Сен Адам, жашоо үчүн жүрөктү алган!

Сен Адам, жашоо үчүн күрөштү алган...

 

Төгүлө албай канча суу шарпылдады,

Көрүнө  албай канча учкун жаркылдады.

Канча түн күндүн түшүн сүйлөп кетти,

Канча өмүр күйүп –өчтү...

... Бир гана суудай тунук жомок калган!

Алым Токтомушев менен Шербет Келдибекованы эки башка дүйнө сыяктуу сезип кетем. Алым Токтомушев эгемен Кыргызстандагы «Асаба»(кийин «Агым») гезитинин эң популярдуу калемгерине айланды. Анын жазган саясий, экономикалык материалдары гезит окурмандарынын сүймөнчүгүнө айланды. Алым Токтомушев акындарга өтө сын көз менен кароочу.Бирок, өмүрлүк жубайы Шербет Келдибекова да, досторунун бардыгы акын, жазуучулар эле. Шербет Келдибекова жазыптыр:

Оокумга дүйнө тымып, жылтырайт түпкүрүнөн – улуу тирлик!

Ошентип карегиңе жашоо күйдү,

Ошентип жүрөгүңдө жашоо жүрдү.

Адамсың, Адамсың да,

Көп ирет өңү түсүң өзгөрүлдү.

 

Каныңда кайнап турган турмуш ошол,

Өңүңдө жайнап турган турмуш ошол.

Жаныңды тынчытпаган –тирүүчүлүк,

Жарыңдан ысык турган – тирүүчүлүк.

 

Кыялдай көкөлөгөн турмуш ушул,

Кыялдай өсө берген турмуш ушул.

О, алар –жомок – анын үзүндүсү;

Жазмыштай тороп үнсүз сулк селейет.

Жашоодой толкуп күңгүрт шоорат берет.

Оокумга дүйнө тымып,

Жылтырайт түпкүрүнөн – улуу тирлик!

Алым Токтомушев менен Шербет Келдибекова балким терең философиялык ой жүгүртүшүп, бул жалган дүйнөдө убактылуу жашап жаткандарын билишкендир. Бирок, экөө ээрчишип, кубалашып кумга сиңген суудай куюлушуп жок болорун билишти бекен? 

Шербет КЕЛДИБЕКОВА, «Тянь-Шань түнү»:

... Дүңгүрөгөн туяктар жерди жара, 

Эсеп жетпей селдеген тулпарларга.

Дүбүрттөрү жаңырып алда кайда

Тоонун койну толтура сан караандар-

Жылдыз менен, ай менен көчүп жаткан

Кыймылдуу түн, тынчсыз түн Тянь-Шанда.

 

Укуругун кармаган жаш жылкычы,

Билгениндей ойнотуп аргымагын.

Тосуп кетип баратат МҮРЗӨ жакты

Тебелетпей арбагын бабалардын.

 

Күйүп кетип баратат, сан жетпеген,

Жылдыз болуп көздөрү тулпарлардын.

Жаңы келген жаш келин сен эмнеге,

Селт ойгонуп сырт жакты тыңшай калдың.

«Козголгонбу коктулар капырай», -деп

Дүбүрөгөн үндөргө таң калбагын,

Кадимки эле түнү бул Тянь – Шандын.

 

... Өтүп жатып жанынан күмбөздөрдүн,

Жылкычы сен токтолуп кимди эстедиң?

Угулдубу кайдадыр керемет үн

Бийледиби боюңду сыйкыр сезим?...

... Алар өткөн өзүнүн заманында

Айдап нечен жылкынын түнкү көчүн.

 

Алар өткөн дал ушул коктулардан,

Сөөктөрү да тоо – таштуу жерде калган.

Учурунда укурук колго алышып,

Ат ойноткон булар да аскалардан.

 

... Дүңгүрөгөн туяктар жерди жара, 

Эсеп жетпей селдеген тулпарларга.

Дүбүрттөрү жаңырып алда кайда

Тоонун койну толтура сан караандар-

Жылдыз менен, ай менен көчүп жаткан

Кыймылдуу түн, тынчсыз түн Тянь-Шанда.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости