www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бразилиянын президенти Жаир Болсонару өлкө борборунда коронавирустун айынан киргизилген чектөө чараларына каршы демонстрацияга катышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, акцияга жалпысынан 600гө жакын адам чыгып, ал өзгөчө кыйкырык, ызы-чуу менен коштолду.
"Демонстранттар парламенттин жабылышын талап кылышкан. Өлкө президенти митингде сөз сүйлөп, бирок ал кургак жөтөлдөн улам сүйлөгөн сөзү тоскоолдукка учурап, катуу кыйналган. Анын абалын чагылдырган видео азыркы тапта талкууланып жатат. Бразилиянын парламенти жана регионалдык лидерлери коронавирус эпидемиясынан улам элге үйдөн чыгууга тыюу салды. Өлкө президенти болсо бул чараларды сынга алып, вирусту "кичинекей сасык тумоо" деп атап, социалдык аралыкты киргизүүнү колдогон саламаттыкты сактоо министри Луис Энрике Мандеттаны кызматтан бошотту", - деп айтылат маалыматта.
Ал топтолгон адамдарды "сасык тумоодон" коркпошубуз керек деп үгүттөгөн.
Учурда Бразилия коронавирусту жуктургандардын саны боюнча Латын Америкасы өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунда турат. Өлкөдө 38 миңден ашуун адам илдетке чалдыгып, 2 миң 500гө жакыны көз жумган. 17-апрелде Болсонару коңшу мамлекеттерге чек араларды ачуу сунушун киргизген.
Булак: NazarNews.kg