www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бразилиянын президенти Жаир Болсонару коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы 7-июлда аныкталган. Ал илдетти жеңгенин дүйнөлүк  басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Жаир Болсонару социалдык тармактагы баракчасына коронавирус инфекциясына тапшырган соңку анализи таза деп чыкканын жана баарына жакшы күн каалай турганын жазып чыккан.

Буга чейин Бразилиянын өлкө башчысы коомдук жайларга бет кап, кол кабы жок чыгып жүргөн. Ошондой эле тарапташтары менен болгон жолугушууда социалдык аралыкты сактабай жүргөндүгү буга чейин да айтылып келген. Мындан сырткары ал обочолонуу тартибин вирус жуктуруп алуу коркунучу жогору болгон жана жашы 60тан жогору адамдар гана сакташы керек деген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости