www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Кореяда COVID-19 илдетине шектелген биринчи учур катталды. Мындан улам өлкөнүн лидери Ким Чен Ын Кэсон шаарын карантинге жапты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 19-июлда COVID-19 илдетине шектелген жаран Түштүк Корея менен Түндүк Корея ортосундагы аскердик демаркация сызыгын мыйзамсыз кесип өткөн. Кытайга барган жарандан анализ алынып, жыйынтыгы белгисиз болуп чыккан. Буга байланыштуу ал жаран катуу карантинге алынып, аны менен байланышта болгондор аныкталып, текшерүүдөн өтүп, обочолонуу режимине алынган.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын биринчи шектүү тууралуу кабарлангандан кийин, алдын алуу чарасы катары Кэсон шаарын жаап, анын жанындагы райондорду бири-биринен бөлүп салууну чечкен.

Ким Чен Ындын жетекчилиги астында Борбордук комитеттин Эмгек партиясынын саясий бюросу кырдаалга байланыштуу чукул жыйын өткөрүп, улуттук чукул карантиндик системинен жогорку чукул системге өтүү чечими кабыл алынган.

Эске сала кетсек, ушул жылдын февраль айынды Түндүк Кореянын чиновниги коронавирус карантинин аткарбагындыгы үчүн өлүм жазасына тартылган. Соода өкүлүн  Кытайдан келгенден кийин карантинге жөнөтүшкөн. Ал өзүнүн үйүндө 14 күн болуш керек болчу, бирок ал бул чечимди бузуп, коомдук мончого барган. Бийликке бул кабар жеткенде, ал ошол замат кармалып, атып өлтүрүлгөн.

Ким Чен Ын карантинди бузган адамдарды согуш мыйзамдарына ылайык соттолот деп коркуткан. Дагы бир чиновник Кытайга барып келгенин жашыргандыгы үчүн түндүк-кореялык фермерге жөнөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости