www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бразилиянын президентине коронавирус жукту

Бразилиянын президенти Жаир Болсонару коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Ал эми президент телеинтервьюсунда абалы жакшы экенин, дене табы бир аз көтөрүлүп турганын айткан.

Болсонаруда оорунун белгилери 5-июль күнү байкалган: дене табы жогорулап, жөтөлө баштаган. Дүйшөмбүдө жалпы абалы начарлагандыктан, коронавируска төртүнчү жолу тест тапшырып, жыйынтыгы COVID-19 бар экенин көрсөткөн.

Бразилиянын президенти коронавирусту «кадимки эле сасык тумоого» теңеп, оору анча коркунучтуу эмес экенин билдирип келген. Ал аймактардын губернаторлорун карантиндик чектөөлөрдү жумшартууга чакырып, экономикага зыян болуп жатканын билдирген.

Акыркы жумада Бразилияда эпидемиянын көрсөткүчү кескин жогорулап кетти. 6-июлга карата илдетти жуктургандар 1,6 миллионго жетип, 65 миңден ашык бейтап каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости