www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Өлгөндүн үстүнөн көмгөн болуп» жүздөгөн коронавируска чалдыккан адамдарыбызды ажал алып кетсе, пневмония деген балакет да жабышып алды. Буларга каршы иммунитетти кармап турган үч негизги нерсе бар экенин дүйнөлүк маалымат борборлору билдирип жатат.

Биринчиден, толук кандуу уйку керек экен. Торгойдой болуп таң ата элек жатып тура калгандар дагы бир –аз уктап, уйкусунун нормасын көбөйтүш керек экен. Бул да кирип келген дарттардан сактануунун жолдору.

Экинчиден, физикалык кыймылдуулук, албетте, учурда бул дарттардан алыс болунун аракетин көрүп жаткандар көбөйүп баратат. Көчөлөрдө, сейил бактарында спорт менен машыккандар, чет мамлекеттердин жолуна түшүп кош таяк менен баскадар  көбөйдү.  Акыркы мезгилдеги бул дарттардан сактануудан улам жөө баскандар көбөйүп, физикалык кыймылдуулуктар күчөп баратат.

Үчүнчүдөн, туура тамактануу керек. Атка минерлерибиз эмнени болсо да жеп көнүп алышкан, коронавирусту деле элге өткөзбөй жеп коюшат деген ойдо асманга түкүрүп коюп жата бериш болбойт. Бул дарттарга жол бербеген тамак-аштарды кыргыздар көп колдонот. Бул дарттарга каршы менюбузда жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган белок болууга тийиш. Жаныбар белоктору этте, балыкта, жумурткада, сүттө, айранда, эжигейде, быштакта, каймакта ал эми өсүмдүк белоктору – буурчакта, төө буурчакта, буудайда (нан), сулуда бар. Иммундук системанын ишине уйдун боору да жакшы таасир этет. Ошондой эле карагаттын, бүлдүркөндүн, клубниканын, алманын да вареньелери бул дарттарга каршы иммунитетти бекемдөөгө жардам берет.

Бул дарттарга каршы иммунитетти бекемдөөдө витаминдер жана микроэлементтер зарыл болуп эсептелинет. Аларды дарыканалардан сатып албай, табигый жол менен алган жакшы. Ансыз деле дарыканаларда дарылардын баасы кымбаттап,дарыкана кожоюндарынын капчыгын калыңдатып жатат. Мисалы, А витаминин сабизден, жүзүмдөн, көк чөптөрдөн алсак болот. Ал эми С витамини цитрус жемиштеринде, ит мурунда, клюквада, капустада көп. Е витаминин болсо күн карама, зайтун, жүгөрү майларынан ала алабыз. В тобунун витаминдеринин булагы болуп буурчак, дан өсүмдүктөрү, жумуртка, көк чөптөр жана жаңгактар эсептелинет. Микроэлементтерден болсо иммундук система үчүн организмге цинк менен селен керек. Цинк балыкта, этте, боордо, жаңгактарда, төө буурчакта жана буурчакта болсо, селенди кайра эле балыктан, деңиз жандыктарынан жана сарымсактан ала алабыз. Сарымсакты базарлардан тапса болот, азыр жаңыдан чыгып жер жайнап турат.

Тамеки менен спирт ичимдиктери иммунитетти жөн гана түшүрбөй, өлтүрөт. Андыктан тамеки тартууну таштоо керек же анын түтүнүнөн алыс болуу керек. Бирок спирт ичимдиктерине келгенде бир аз башкача. Спирттер менен бул дарттардын алдын –алып сүртүнүп туруу керек. Кымыз бул дарттарга каршы иммунитет үчүн пайдалуу.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости