www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын бийлиги Монголия жана Орусия менен чектешкен Ички Монголия провинциясында кара тумоо оорусу катталганын расмий ырастады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Кытайда азырынча бул илдетке бир киши чалдыкканы белгилүү — ал Ички Монголия провинциясындагы Баян-Нур шаарында жашаган койчу. Азыр ал карантинде, абалы туруктуу. Бирок провинциядагы тургундарга суурга аңчылык кылууга жана анын этин жеөөгө тыюу салынды.

Кара тумоо өткөн жумада Монголиянын Кытай жана Орусия менен чектешкен аймагында чыкканы кабарланган. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Ховд районунда жашаган эки бир тууган илдетти суурдун этин жегенден кийин жуктуруп алышкан. Алардын бардык туугандары обочолонуп, районго убактылуу карантин жана каменданттык саат киргизилген. Мындан тышкары аймакта жапайы жан-жаныбарга аңчылык кылууга тыюу салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости