www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте дубалды сүзүп, андан ары кафеге кирип кеткен жолтандабас унаасынын айдоочусу изделет. Бул тууралуу патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 7-июль күнү болжол менен саат 15:45терде Веселая жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Алдын ала маалыматтар боюнча,  кыз автоунааны катуу ылдамдыкта башкарып бараткан.

"Унаанын айдоочусу изин жашырып кеткен. Мындан улам патрулдук милиция кызматы аталган айдоочуну издейт", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости