www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британиянын дээрлик жарымы 2016-жылкы Брекзитке, ошондой эле былтыр Европарламенттин шайлоосуна Кремль кийлигишкен деп эсептейт. Бул жөнүндө "The Guardian Opinium" компаниясы жүргүзгөн сурамжылоодон кийин билдирди. 

Сурамжылоого катышкандардын 49% Brexit боюнча референдумга Россиянын тиешеси бар деп билдиришти. Европарламентке кийлигишкенине 47% ынанышкан. Ал эми буга кошулбагандардын саны эки эсе аз.

Шайлоо жүрүшүнө Россиянын тиешеси бардыгына ишенгендер – лейбористтердин шайлоочулары.

Мурдараак Орусиянын 2019-жылдагы парламенттик шайлоого кийлигишкенин Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб билдирген.

Британ парламентинин коопсуздук жана чалгындоо боюнча комитети өз кезегинде Кремлдин жергиликтүү саясатка таасири жөнүндө доклад жарыялады. Комитеттин чечимине ылайык, Орусия 2014-жылы Шотландиянын Бириккен падышалыктан көз каранды эместиги жөнүндөгү референдумдун жыйынтыгына таасир тийгизгенге аракет кылган. Ошол эле учурда баяндамада Орусиянын Brexit боюнча референдумга тиешесине түздөн-түз далил жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости