www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус окумуштуусу Юрий Киселев көпчүлүк жарандар коронавирус илдетин эч кандай дары-дармеги жок эле жеңип чыкканын "Известия" басылмасына билдирди. 

"Россиянын калкынын 98 пайызы дары ичпей, иммунитетинин күчтүүлүгү менен гана айыгып кетти. Аларга кадимки дене табы түшүрүүчү дары-дармектер гана берилди. Биздин өнөктөшүбүз - бул иммунитетибиз, биз аны баалашыбыз керек", - деген окумуштуу.

Ошондой эле ал дүрбөлөңгө түшүү ооруп жаткан адамга дагы жана дарыгерлерге дагы кооптуу экенин кошумчалаган.

Мындан тышкары, Киселев "белгилүү эрежени" дагы кайталаган, ага ылайык, дарыгердин көрсөтмөсүсүз дары ичпөө керек.

Эске сала кетсек, жалпысынан Россияда пандемия учурунда 812 миңге жакын COVID-19 учуру аныкталып, 13 269 адамдын өмүрүн алган. 

600 миңден ашыгы айыгып кеткен. Катталган учурлардын  үчтөн бири - дээрлик 238 миңи - Москвада. Анын ичинде 174 миңден ашык бейтап айыгып кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости