www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирус жуктурган адамдын эти дароо ысыбайт. Бул туурасында Москванын Саламаттык сактоо департаментинин чоң кишилерге алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү боюнча штаттан сырткаркы адиси Андрей Тяжельников "Говорит Москва" радиосунун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, гриппте адамдын дене табы дароо көтөрүлүп 40 градуска чейин чыгат, алсырап, чыйрыгып жатып калат.
"Грипп болгон адамдын дене табы жогору болуп, оору тез эле күч алып кетет. Негизги айырмачылыгы ушунда. Ал эми коронавирус жуктурган адам жыт, даам сезбей калат", — деп айткан адис.
Ошондой эле ал коронавирус дагы толук иликтенип бүтө электигин, мындан улам башкача симптомдору дагы болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.
"Биз COVID-19дун эч кандай симптомдору жок, бирөк өпкөсү бир топ жабыркаган бейтаптарды көрдүк. Ошол эле учурда оор абалда жатып калгандардан пневмония аныкталган жок", — деди Тяжельников.
Адис коронавирус менен гриппти салыштыруу орунсуз экенин белгилейт.
Булак: NazarNews.kg