www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкентте жана башка чоң шаарларда атайын көр казуучулардын тобун уюштуруу сунушталууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү ЖМКлары жазып чыгышты.

Маалыматка  ылайык, коронавирустун жайылышы боюнча күнүмдүк расмий статистикага элдин ишеними күндөн-күнгө азайып жатат.

Журналист Аброр Захидов коронавирустан каза болгондорду оорукана кызматкерлери көмүүгө милдеттендирилип жатканын белгилеп, муну токтотууну талап кылган. Ал маркумду узатуу зыйнатын жүргүзүүчү атайын топторду түзүүнү сунуштады.

“Азыркы коронавирустан каза болгондорду оорукананын жумушчулары көөмп жатышат. Мындай көмүүнү токтотуш керек. Жок дегенде, Ташкентте жана башка чоң шаарларда убактылуу атайын көр казуучу топторду уюштуруп, аларга нускама иштеп чыгыш керек. Албетте, жумушчуларды табуу оңой болбошу мүмкүн. Эгерде маянасы жакшы болсо, жумушчу сөзсүз табылат. Андан тышкары биз ыктыярчылар жөнүндө унутпашыбыз керек”, - деди журналист.

Захидов көр казуучулардын атайын топтору медицина кызматкерлеринин убактысын үнөмдөйт деп эсептейт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 25-июлга карата маалыматы боюнча, Өзбекстанда коронавируска чалдыккандардын саны 20 551 адамга жетти. Акыркы суткада бул ооруну жуктурган 579 адам катталып, 11 105 адам сакайды. Коронавирустан өлгөндөрдүн расмий саны 116 адам.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости