www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстанда 31-июлда, 1чи жана 2чи августта, ошондой эле 8-9-августта транспорт кыймылы токтотулат. Бул тууралуу Podrobno.uz басмаканасы Атайын республикалык комиссиянын чечимне таянып жазып чыкты.
Документте көрсөтүлгөндөй, 31-июль, 1-2-августта жана 8-9-август күндөрү транспорт кыймылы токтотулат, анын ичинде таксилер дагы бар. Бир гана уруксат берилген белгилери бар автоунаалар жүрө алат.
Мындан сырткары, жеке унаа менен жүрүүгө уруксат берилет, бирок шашылыш медициналык жардамга муктаж болгон учурда гана (кош бойлуулук, төрөт, травма, ВИЧ / СПИД, онкология, радиация терапиясы, гемодиализ, хирургия жана башка өмүргө коркунуч келтирген учурлар). Ушул күндөрү жарандарга үйдө отурууга жана себепсиз көчөгө чыкпоо сунушталат.
Эске сала кетсек, Өзбекстанда коронавирустун жайылуусу көп катталып жаткандыктан карантин 15-августка чейин узартылды.
Булак: NazarNews.kg