www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британия Сауд Арабиясына, Россияга, Мьянмага жана Түндүк Кореяга Европа Биримдигинен чыккандан кийин алгачкы жолу өз алдынча санкция салды. Санкцияларга адам укуктарын бузган жана бузулушуна жол берген деген айып негиз болгонун чет элдик басылмалары жазып чыгышты.

Тышкы иштер министри Даминик Рааб парламентте буга байланыштуу маалымат берип жатып, «адам укуктарын одоно бузгандар өз жоруктары үчүн жооп бериши керек» деп билдирди.

Санкциялык тизмеге кирген өлкөнүн жарандарынын Британияга келишине тыюу салынат жана алардын бул өлкөдөгү активдеринин баары камакка коюлат.

Британия санкциялык тизмеге орусиялык 25 адамды киргизген, алардын арасында Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин да бар. Бул адамдардын көбү АКШдагы «Магнитский тизмеси» деп аталган санкциялык документке киргизилген.

Лондон Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугунда журналист Жамал Хашогжинин киши колдуу болгонунан улам бул өлкөнүн 20 жаранына санкция салды. Мьянманын жогорку даражалуу эки генералы санкцияга рохинжа улуттук азчылыгын куугунтуктап, кодулаган деген кине менен илинди. Санкциялык тизмедеги Түндүк Кореядагы эки уюм саясий лагерлерде камалып тургандарды зордоп иштетүүгө, кыйноого жана өлтүрүүгө жооптуу экени жазылган.

Россиянын Британиядагы элчилиги санкция тууралуу комментарий берип жатып, Лондонго тиешелүү жооп кайтарыларын эскертти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости