www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Республикалык штабда облустар аралык коомдук унаалардын (жүргүнчү ташыган автобустардын)  ишин токтотуп туруу маселесин карайбыз. Облустарга кире бериш жерлерде санитардык-карантиндик посттордун иши күчөтүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы жазып чыкты.

Бишкектин жашоочуларын бул күндөрү аймактарга каттабай турууга, облустардын тургундарына коркунуч келтирбөөгө чакырам», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов. 

Анын айтымында, республиканын аймагында тойлорду өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган.

«Азыркы учурда, айрыкча оорунун белгилери билинбей же жеңил өткөн кээ бир адамдар өздөрүн дени сак сезишип же кадимки эле сасык тумоо катары кабыл алган учурлар көп кездешүүдө. Бир адамдын иммунитети жогору, бир адамдын иммунитети начар болушу мүмкүн. Ооруну жуктуруп алып, бирок кыска убакыттын ичинде өзүн жакшы сезип калган жарандарды башкалар менен байланышпай турууга чакырам. COVID-19 инфекциясына тапшырылган тесттин жыйынтыгы терс чыккандыгына карабастан, жарандарда өпкөнүн сезгенүүсү аныкталган учурлар бар. Ушундай шартта өз алдынча эмес, бир гана дарыгерлердин көрсөтмөсү менен дарылануу зарылдыгын эсиңерден чыгарбагыла! Бул оорунун күчөп кетишинин алдын алат», - деп кошумчалады. 

Премьер-министр мекендештерди санитардык талаптарды сактоого чакырды. Санитардык эрежелерди сактоо менен ооруну сөзсүз жеңебиз! 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости