www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб Кытайдын коронавирустун кандайча ортого чыккандыгына байланыштуу жана эпидемияны эртерээк токтотуп калуу ыктымалынын бар же жок экендигине байланыштуу суроолорго жооп бериши керектигин айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Диминик Рааб күнүмдүк пресс - жыйынында Кытай менен «эсептешүү» тууралуу берилген бир суроого жаңы тип коронавирустун ортого чыгышы, эпидемия тууралуу абалдарды карап чыгуу жана мында да илимий багыттоонун негиз кылып алынышы керектигин белгиледи.
Британиянын тышкы чалгындоо кызматы MI6нын мурунку шефи Жон Савер 15 - апрелде берген маалыматында Кытайдын Ковид - 19 эпидемиясы тууралуу маалыматтарды жашыргандыгын жана жооптуу деп каралышы керектигин айткан.
Миңдеген кишинин өлүмүнө себеп болгон вирус декабрь айында Кытайдын Ухань шаарындагы бир мал базарынан чыккан жана ылдам түрдө дүйнөгө жайылган.
Булак: NazarNews.kg