www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британиялык актриса жана продюсер Хилари Хит коронавирустан каза болду. ал “Великий инквизатор” жана “Грозный перевал” деген тасмалардагы аткарган ролу менен белгилүү. Бул тууралуу актрисанын крестниги Алекс Уильямс өзүнүн Фейсбуктагы баракчасынан 11-апрелде  жазып чыкты.
“Өткөн жумада COVID-19дан улам мени чокундурган энем Хилари Хиттен айрылдык”,-деп Алекс жазган.

Хилари актриса гана эмес, продюсер катары да карьера кыла алган.  Бирок, ал 1960-жылдары алган психология боюнча магистр даражасына ээ болгону менен сыймыктанат.  Андан кийин ал CBT адистешкен нарколог-консультант болуп калды.

“Ал дүйнө жүзү боюнча клиникаларда иштеген, көбүнчө бекер жана аябай жакыр, бактысыз адамдар менен жолугушкан жана ал муну өзүнүн эң башкы кесиби деп эсептеген.  Ал табияттын күчү болчу, ошондуктан биздин жаныбызда жок экенине ишене албай турам”,-дейт Алекс.

Актриса ойногон биринчи көркөм тасма 1968-жылы чыккан "Великий Инквизитор" болгон. Анда ал Сару Лоустун ролун ойноп, партнеру Винсент Прайс болгон. 1970-жылы Хилари “Грозный перевал” тасмасында Изабелланын ролун аткарган.

Хиллар актриса жактан ийгиликтүү карьера жасаганына карабастан, 1990-жылы профессиясын алмаштырып, продюсер болууну чечет. Анын жетекчилиги астында Хью Грант менен Алан Рикман ойногон Майк Ньюэллдин "Ужасно большое приключение" аттуу тасмасын тартышкан. 1974-1989-жылдары Хилари Дункан Хитке турмушка чыгат, никеде эки бала - Лаура жана Даниэл төрөлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости