www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Британия менен Евробиримдик Брекзиттен кийин соода алакалары боюнча мунасага келди.
Бул келишим менен балык уулоо жана Лондон менен Брюсселдин ортосундагы бизнес жүргүзүү эрежелери боюнча көптөн бери талаш жаратып келе жаткан маселелерге чекит коюлду.
The deal is done. pic.twitter.com/zzhvxOSeWz
— Boris Johnson (@BorisJohnson) December 24, 2020
Британ өкмөтүнүн билдирүүсүндө 2016-жылы референдум учурунда британ калкына берилген убадалардын баары аткарылганы белгиленген.
Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйендин пикиринде, келишим жалпы рынокту адилеттүү пайдаланууну камсыздап, балык уулоо үчүн бирдей шарт түзөт.
Улуу Британия менен ЕБнын ортосундагы соода келишими нөлдүк тарифке жана нөлдүк квотага негизделген. Ал 2021-жылы 1-январда күчүнө кириши керек. Эгер быйыл 31-декабрга чейин эки тарап мунасага келип, келишим кабыл алынбаса, анда Британия менен Европа Биримдигинин соода мамилеси Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерине ылайык жүргүзүлмөк. Бул бизнесте жоготууларга жана жумушсуздуктун санынын өсүшүнө алып келмек.
Эске салсак, 2016-жылы жыйында британиялыктар Евробиримдиктен чыгуу боюнча добуш беришкен. Улуу Британия ЕБга 1973-жылы кирген жана анын катарынан чыккан биринчи өлкө болуп калды.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg