www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британияда парламенттин төмөнкү палатасына мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат. Акыркы үч жылда бул Британиядагы үчүнчү жолку жалпы улуттук добуш берүү: мурдагы парламенттик шайлоолор 2015-жылы, а 2016-жылы жайында Британиянын ЕБге мүчөлүгү жөнүндө референдум болуп өткөн. Төмөнкү палатага мөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү апрель айында премьер-министр Тереза Мэй жарыялаган эле.

Эрте шайлоону ал өлкө Европа биримдигинен чыгып жаткандыгына байланыштуу, абалдын туруктуулугуна умтулуу катары түшүндүргөн. Коомчулук палатасынын 650 ордуна башкы талапкерлер катары консерваторлор, лейбористтер, либерал-демократтар, Кошмо Королдуктун көз карансыздыгынын партиялары жана Шотландиянын көз карансыздыгынын партиялары катышууда. Британиядагы шайлоо системасы – мажоритардык гана, башкача айтканда, Палатанын бардык мүчөлөрү бир мандаттуу округдардан шайланат, болгондо да бир тур менен гана.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости