www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кара кыздын агынан эмес, багынан” дегендей, бактылуу, атактуу же дагы башка ийгиликтерге жетүүдө эч нерсе тоскоол боло албайт. Дегенибиз, сенегалдык Худия Диоп – Нью-Йоркто жана Парижде эң көп суроо-талапка ээ моделдердин бири болуп саналат.

Бул кара терилүү сулуунун белгилүү болушуна “Кара түстөгү айымдар” сынагы себеп болгон. Анын сулуулугуна өз көзү менен күбө болгондор “Ал дүйнө элин кара түстү сүйүүгө мажбурлады” дешет.  “Инстаграмм” социалдык тармагында Худия Диопко көптөгөн адам жазылган.

Ошол эле жерден анын ак терилүү жигити менен түшкөн сүрөттөрүнө күбө болууга болот. Бул туурасында “Менин жигитим ак терилүү экени ырас. Мен аны менен гана өз бактымды бийиктен көрө алам” дейт модель айым. Ак түстүү жигиттин муштумдай жүрөгүн багындыруу ар бир эле кара терилүү айымдын колунан келе бербейт. Бул да болсо анын бир ийгилиги экендигинде талаш жок.

Худия өзүнүн жеке жашоосу тууралуу азырынча ачык маалымат бере элек. Бирок, чет элдик басылмалардын бири, Худия моделдик кесип менен алектене элегинде кадимки эле көчөдө нан сатып иштегенин басып чыгышкан. Бул маалыматтын чын төгүнү аныкталбаса да, ал туурасында ар кыл маалыматтар таркоодо.

Булак: "gezit.kg"

Последние новости