www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ал Лианг Яоуи (Liang Yaoyi)  аттуу 11 жаштагы кытай бала. Лианг балдардан бир башкача бала болуп чоңоет. Ал теңтуштарынан дайыма айырмаланып турчу: акылы алдыга кеткен зээндүү. боорукер, жароокер бала Турмушта адамдарга кандайдыр бир жакшылык кылгысы келе берчү. Келечекте врач болууну каалачу.

Бир күнү мектептен башы айланып, жыгылып калып, ооруканага жеткирилет. Дарыланып чыгып жатканда башында шишик (опухоль головного мозга) бар экенин билет. Мындай жаман диагнозун укканда, акыры тиги дүйнөгө алып кетерин түшүнөт. Лианг кимдир бирөөгө керек органдарын тартуулап кетүүнү максаттайт. Мындай кыялын өлөөрдүн алдында апасына аманат катары да айтат. «Апа, дүйнөдө адамга жакшылык кылган канча деген кишилер бар, ошонун бири мен болгум келет”,-дейт.

Врачтарга да, ал: «Донор- бул сенин турмуштагы тукумуңдун уланышы» деп органга зар болуп турган адамдарга боор, бөйрөгүн берүүгө макулдугун берет. Лиангдын мындай кадамы  чоң эрдик деп баалаган врачтар анын өлүмүнө ийилип таазим кылышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости