www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызы менен аялына "мен кеттим" деп SMS-билдирүү жазган тургун кайда экени белгисиз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Токтобек Шонкоев билдирди.

"Нарын шаарынын Москва көчөсүнүн 1971-жылы туулган А.Т. аттуу тургуну дарыяга коюлган асма көпүрөнүн жанында телефон аркылуу сүйлөшүп отурганын жашоочулар көрүшкөн экен. Кызы менен байланышса, ал "эмне кылып жүрөсүз үйгө барыңыз" деп айтыптыр. Ошондон кийин ал кызы менен аялына "мен кеттим" деп SMS-билдирүү жазыптыр", - деп билдирди Шонкоев.

Изделип жаткан тургун психикалык жактан жабыркаган эмес. Ал буга чейин жол курулуш тармагында иштеп, 3 күн мурда айлык маяна алганы айтылууда. Куткаруучулар тургунду издөөгө чыгып, таба алышкан эмес.

Камчыбек Бостон, NazarNews.kg

Последние новости