www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен өзгөрдүм, аябай өзгөрдүм. Сен билген, эч бир мыйзамга баш ийбеген, бой көтөрмө, кырс адам эмесмин. Сен жактырган алоолонгон өрт жигит азыр таптакыр башкача абалда. Эсиңдеби, сени таарынтып, катуу айтып ыйлаткан күндөрүм? Өз күчүмдү ошентип билгизгим келчү. Катуу сүйөрүңдү билсем да, мындан да ашык, мындан да берилип сүйүшүңдү каалагам. Ошондо ыйлап жатканыңды сезсем да, обочодон карап туруп басып кетчүмүн. Анткени аркамдан келериңди, кайра эле жарк эте күлүп бетимден өөп, кечирим сураарыңды билчү элем.

Сен дайыма келчүсүң. Бирок бир күнү келбей, аркамдан ээрчибей койдуң. Көрсө, бапестеп көздүн карегиндей сактабаса, сүйүү да өчөт экен. Сенин сүйүүңдү өчүрүп алганымды туйбай калдым.
Алгач “мейли, кетсе кете берсин. Кыз деген толтура” дегем. Артыңдан чуркап, түшүндүрүп айтуудан негедир намыстангам. Ичим күйүп, кызганычтан өрттөнүп турсам да ошенткем.

Мендеги тозок күндөр сен кеткенден кийин башталды

Мурун эле кыз жандуу жаным кыздан кызды тандап жүрдүм, күлдүм. Канча кыздар колумдан, коюнумдан өттү. Бирок бири да сага окшобойт эле. Өзүм да байкабай сеникиндей келбетти, сеникиндей мүнөздү издедим. Бири да сага окшободу. Көрсө, сен таптакыр башкача экенсиң. Сендей адам бирөө гана экен. Аны сезгенде ого бетер өрттөнүп кеттим. Ичип, мушташып, ата-энемди, бир туугандарымды кыйнадым. Алар кайдан түшүнсүн. Молдо-кожолорго сүйрөп жүрүштү. Аларды кыйнай бербейин деп аракты токтоттум. Бирок жүрөгүмдү, жан дүйнөмдү боштук ээледи.

Кызык, сен бактылуу болдуң бекен? Мен кандай жакшы адам болуп өзгөргөнүмдү азыр билсең, не дээр элең? Сенден мээримдүү болууну, токтоо болууну, чыдамдуулукту үйрөндүм. Эң башкысы, бирөөгө чын дилден берилгенди үйрөндүм.

Эх, баары бир жолукпайбыз...

Эрте жолугуп калган экенбиз, эми ойлосом. Өзүмдү ааламдын кожоюну сезип жүргөндө кезиктиң да, баркыңды билбей ажырап калдым. Сага гана сыр кылып айтайынбы? Мен сени сагындым!  Абдан сагындым! Бирок сагынганга акым жок. Анткени сен бир адамдын жубайы, бактылуу балдардын апасысың. Сенин жашооңо киришүүгө акым да жок...

Камчыбек Бостон,  NazarNews.kg

Москва шаары

Последние новости