www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб жаңы тип коронавирустан улам рамазан айынын кыйын болорун, бирок, мээримдүүлүктүн ар дайымкыдан дагы маанилүү абалга келгендигин билдирди. Бул тууралуу чет жлдик басылмалар жазып чыкты.

Коронавирустун айынан дарылангандан кийин эс алууну улантып жаткан Борис Жонсонду коштогон Рааб рамазандын келиши менен социалдык медиа эсебинен бир билдирүү жарыялады.

Рааб Британия жана дүйнөдөгү мусулмандарга Рамазан айынын жакшы өтүшүн каалады.

Саламаттык сактоо министри Мэтт Ханкок болсо пресс  - жыйынында берген маалыматта улуттук саламаттык сактоо боюнча тейлөө жана куралдуу күчтөр менен башка тармактарда кызмат кылган бир топ мусулмандын бул жылы  рамазан айынын кубанычын көнгөн адаттагыдай бөлүшө албай тургандыгына көңүлдөрдү бурду.

Ханкок өлкөдөгү мусулмандарга үйдө болгондору үчүн ырахмат айтты.

Жумушчу партиясынын лидери Кеир Стармер да твиттерден билдирүү жарыялап рамазан айынын келиши менен мусулмандарды куттуктады.

Жумушчу партиясынын мурунку лидери Жереми Корбин да өзүнүн шайлоо окургу, Британия жана бүткүл дүйнөдөгү мусулмандарга  рамазан айынын жакшы өтүшүн каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости