www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө жүзүнүнө тараган коронавирус инфекциясынын очогу болгон Ухань шаарында аталган оору менен катуу ооруган акыркы адам айыгып чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 76 күн карантинде болгон Ухан шаары 8-апрелде ачылган. Карантин убагында бул шаарда транспорттук байланыштар, анын ичинде метро, ​​автоунаалар жана паромдор толугу менен жабык болгон. Аэропорт жана темир жол бекеттери дагы иштебей калган. Жашоочулар Ухандан атайын уруксат менен гана чыгышчу.

"Ухань шаарында жана Хубэй провинциясында коронавирус инфекциясы менен катуу ооруган бир дагы адам калган жок", - деп Кытайдын саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлү Ми Фэнг билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирус инфекциясы дүйнөдө 2 миллион 732 миң 445 адамдан аныкталды. 192 миң 19 адам каза болсо, 751 миң 501 бейтап айыгып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости