www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-апрелде, Кыргызстандын эмгек сиңирген илимий ишмери, белгилүү юрист Карпек Курманов 92 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирди.

Карпек Курманов Кыргызстандын биринчи юристи болуп, кыргыз юридикалык илиминин башында турган.

"Карпек Шамсединович эгемендүү Кыргызстандын бир катар мыйзамдарын иштеп чыгууга катышкан. Юридикалык илимдин өнүгүшүнө жана кадрларды даярдоого кошкон салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктарга татыган, үчүнчү даражадагы "Манас" ордени дагы берилген. Карпек Курманов ар бир юристтин эсинде түбөлүк сакталат", - деп айтылат маалыматта.

Юстиция министрлиги маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости