www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Британияда болуп өткөн мөөнөтсүз парламенттик шайлоолордон кийин Коомдук палатага рекорддук сандагы гейлер шайланып келишти. 45 гей парламенттин депутаттарынын жалпы санынын 7 (!) пайызын түзөт.
Түндүк Каролина университетинин саясат таануу боюнча профессору Рейнольдстун айтымында, бул дүйнө жүзү боюнча эң чоң көрсөткүч болуп саналат.
Анын маалыматы боюнча, гейлердин он тогузу консерваторлор, дагы он тогузу эмгек партиясынан, жетөө Шотландиянын улуттук партиясынан.
Макалада өздөрүн «гейбиз» деп ачык жарыялаган депутаттар Улуу Британиянын кайсы административдик-саясый бөлүгүнө таандык экендиги боюнча да статистика келтирилген. 31 парламентарий-гей Англиядан, ону Шотландиядан, төртөө Уэльстен шайланыптыр. Алардын 36сы эркек, тогузу аял. Баары тең ак түстүү кишилер.
Булак: “Азия Ньюс”