www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Шейла Гоултнини кабыл алды. Элчи айым Кыргызстанда 2000-жылдары иштеп кеткендиктен Кыргызстан тууралуу аздыр көптүр билерин, элдин меймандос мүнөзүн жактырарын белгиледи. Бул тууралуу маалыматты жеринен Жумамидин Сулайманкулов билдирди. 

Облус жетекчиси Таалайбек Сарыбашов “АКШ биздин эгемендүүлүктү алгачкылардан болуп танып бизге кол сунуп достук мамиледе келе жатат. Ар тараптуу кызматташуу артты. Алсак ЮСАИД долбоору аркылуу айыл чарбаны колдоо багытында алгылыктуу жумуштар бар. Жолго коюлуп калган кызматташтык аракеттер улана берет. Мен биздин облус менен болгон байланыштардын дагы да күчөтүлүшүнө кызыктармын. Айрыкча билим берүү, кайра иштетүү, туризм тармагы боюнча жаңы долбоорлорду ишке ашыруу максатка ылайык деп ойлойм. Эгер сиздер тараптан бизге инвестиция салуу ниети бар ишкерлер болсо биз ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Азыр “ишкерликти колдоо борбору” долбоору ишке ашып жатат бизде. Мында да ЮСАИД колдоо көрсөтүп жатат. Ал үчүн да ыраазычылык билдирип кетемин. Бул жерден бизнес кылууну калаган жарандар акысыз кеп кеңештерди алып ишкерликти жолго коюуга мүмкүнчүлүк түзүлөт деп ишенем. Биздин эшик сиздер үчүн ачык. Кызматташтыкка даярбыз”-деди.

Элчи айым жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Өз сөзүндө “Мен мындан мурунку келген сапарларымда Сулайман-Тоого чыгып кыргыз жеринин кооздугуна бир канча жолу суктанып кеткем. Азыр да өлкөдө алдыга жылуулар бар экендигине мени кубандырат. Биз Кыргызстандын демократиялык жолдо өнүккөн мамлекеттердин арасында болуусун каалайбыз. Президентибиз Дональд Трамп Өзгөндөгү табигый кырсыктардан улам сиздердин өлкө башчысына жана жалпы элге өзүнүн кайгысын тең бөлүшкөн көңүл айтуусун жеткиргим келет. Мындан ары мындай кырсыктардын болбоосуна тилектешпиз. Мен эки өлкө ортосундагы кызматташтык боюнча баса белгилегим келет. Айрыкча өнөр-жай, туризм, айыл-чарба багытында долбоорлорду ишке ашыруу максатка ылайык деп ойлойм. Бул багытта сунуштар жана кызматташтык эки тараптан тең болот деп ойлойм. Өзүңүз белгилегендей айыл-чара тармагында ЮСАИД тарабынан жолго коюлуп калган долбоорлор арбын”-деди элчиси Шейла Гоултни.

Ош облусунун башчысы Таалайбек Сарыбашов элчи Шейла Гоултни айымга эки өлкө ортосундагы кызматташууга кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди жана профессионалдык ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости