www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Британиялыктар быйылкы кышта энергетикалык кризистен катуу жабыркашы мүмкүн. Себеби электр энергиясы күнүнө үч саатка чейин үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу бейшемби күнү Sky News телеканалы өлкөнүн бирдиктүү энергетикалык тутумунун оператору Улуттук электр тармактар компаниясынын маалыматына таянып билдирди.
Белгиленгендей, газдын жетишсиздигинен өчүрүүлөр болушу мүмкүн. Буга байланыштуу компания жарандарды улуттук энергетика системасына болгон жүктү азайтууга чакырды.
Кошумчалай кетсек, ноябрдан тарта өлкөдө тиричилик техникасын колдонуудан баш тарткан тургундарды материалдык жактан кызыктыруу программасын ишке киргизүү пландалууда.
"Эгер сиз кир жуугуч машинаңызды же башка электр шаймандарыңызды кечинде эмес, түн ичинде күйгүзсөңүз, акчаңызды кайтарып ала аласыз", - деп түшүндүрдү National Grid.
Британ маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, эгер Европанын энергетика рыногундагы кризис күчөй турган болсо, электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашы декабрда британиялык 6 миллион үй-бүлөгө таасирин тийгизиши мүмкүн.
Буга чейин энергетикалык кризиске байланыштуу Францияда жарыктандыруучу жарнактарга тыюу салынган.
Булак: NazarNews.kg