www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Токмок шаарына жакын жерде жайгашкан Гавайи комплексинин ээси, «Үмүт жана Ко» ЖЧКсынын тең ээси Журат Абдуллаев УКМКнын СИЗОсуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Белгиленгендей, 20-августта Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясы Абдуллаевди камакта калтырууну мыйзамдуу деп таап, аны үстүбүздөгү жылдын 19-октябрына чейин УКМКнын СИЗОсуна камакка алуу чечимин чыгарган.
Эске салсак, Абдуллаев ок атуучу куралдарды жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн кармалган.
Кармалган жарандын үйүн тинтүү учурунда атайын техника – бронетранспорттук чалгындоо-патрулдук унаа – БРДМ-2 үлгүсүндөгү 7,62 мм калибрлүү Калашников танк автоматы табылган. Мындан тышкары көп сандаган ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана жардыргыч түзүлүштөр (Ф-1 гранатасы) жана травматикалык куралдар табылган.
Булак: NazarNews.kg