www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышууну көздөгөн 12 жаранды талапкер катары каттоодон баш тартты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдирди.

Маалыматка ылайык, Назарбек Нышанов, Бакыт Романов жана Бакыт Керимбеков шайлоо фондун түзүп, күрөө төккөн эмес. Мындан сырткары, шайлоочулардан кол топтоп тапшырышкан эмес.

Ошондой эле дагы тогуз жаран шайлоо күрөөсүн төкпөй, кол топтоо кагаздарын өткөрбөгөнү үчүн каттоодон четтетилди.

Талапкер катары катталбай калгандар:

Элеонора Турдубекова;

Урустам Кабылбеков;

Токтайым Үмөталиева;

Медер Болгомбаев;

Ербол Токтогулов;

Айбек Эркетаев;

Жаныбек Сүйүналиев;

Мирлан Калыбеков;

Самат Ибраев.

Эске салсак, БШК президент болууга ниетин билдирген 65 адамдын документин кабыл алган. Кийинчерээк айрымдары ар кандай себептер менен документтерин кайра чакыртып алышкан. Учурда БШК 18 жарандын кол топтоо кагазын бекитти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости